ИИМ чет өлкөлүк номер тагылган автоунаалар үчүн жаңы эреже сунуштоодо

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерине жана транспорт каражаттарын эксплуатацияга берүү боюнча негизги жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мындай өзгөртүү президенттин "Автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу" боюнча жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылат.
Сунушталып жаткан жаңы эрежеге ылайык, чет элдик каттоо номери бар транспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылы жөнүндө конвенцияга туура келген каттоо жана укук белгилөөчү күбөлүктөрүн, убактылуу ташып кирүүсүн тастыктаган ЕАЭБ бажы органдарынын белгиси коюлган документтерин жанында алып жүрүүгө милдеттүү.
Андан тышкары, мындай транспорт каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө убактылуу каттоодон өтүүгө тийиш. Эгерде чек арадан өткөн күнү тууралуу маалымат базада жок болсо, анда 2024-жылдын 30-декабры импорттолгон күн деп эсептелет.
Мындан тышкары, легалдаштырылган унааны каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлбөсө деле ээсинен башка адам да айдай алат.
Бул токтом 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирери белгиленген.
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруудан үч айда 406,5 млн. сом түшкөн