Садыр Жапаров автобус айдоочуларын тыгын жаратпоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты

2 / 5

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

3 / 5

Кабарда электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун жалпы аянты 4,7 гектар экени белгиленген

4 / 5

Анда оңдоочу жайлар, административдик-тиричилик корпусу, көмөкчү жайлар жана инфраструктуралык объектилер жайгашканы айтылат

5 / 5

Парк бир эле учурда 150 электробусту жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлей алары белгиленген

Ал борбордо жүргөн автобус айдоочулары менен баарлашып, аларды айдоо маданиятын сактоого жана аялдамага башкаларга тоскоолдук кылбай, тыгын жаратпай токтоого чакырган. Өлкө башчынын электробуска жана троллейбустан кайра жасалган автобуска да түшүп көргөнү кошумчаланды.
Ошону менен бирге президент шаар тургундарына да кайрылган.
"Ажылдап көрүнгөн жерден “токтот эле, токтот” деп кыйкыра бербеңиздер. Бир гана аялдамадан токтой турганын эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Мурдагы маршруттук таксилердин заманын унуткула. Ал заман өттү, кетти, болду эми, келбейт кайра", — деди Жапаров.
Кабарда электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун жалпы аянты 4,7 гектар экени белгиленген. Анда оңдоочу жайлар, административдик-тиричилик корпусу, көмөкчү жайлар жана инфраструктуралык объектилер жайгашканы айтылат. Парк бир эле учурда 150 электробусту жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлей алары белгиленген.
Жапаров: Кумтөр дагы 40-50 жыл иштейт, алтынды жер алдынан казууга өттүк