БОСТЕРИ, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын координациялык кеңешинин V жыйыны өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин өкүлдөрү жана уюмдун катчылыгы катышууда.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жыйынга башкы санитардык дарыгерлер, өзгөчө кооптуу инфекцияларды көзөмөлдөө борборлорунун жетекчилери жана биологиялык коопсуздук тармагындагы адистер катышып жатканын белгиледи.
"Мындай кеңешмелер бизге кооптуу инфекцияларды көзөмөлдөө, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу, ошондой эле эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө багытында бирдиктүү аракет кылууга мүмкүндүк берет", — деди Чечейбаев.
Анын айтымында, бул отурум – уюм алкагында өтүп жаткан экинчи кеңешме. Кечээ күнү баңгизатка каршы саясат боюнча сессия болуп, наркотрафикти алдын алуу жана азайтуу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу жөнүндө протоколго кол коюлган.
Мындай иш-чаралар уюмга мүчө өлкөлөрдүн медицина жана коопсуздук багытында орток позицияны карманарын тастыктай турганы белгиленди.