Ташиев аскердик дрондордун алынышына нааразы болгон депутатка жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу маалында "Байрактар", "Аксүңгүр", "Акынжы" дрондорун сатып алуу боюнча мамлекеттин чечимин сындаган эл өкүлүнө жооп берди.
Ал белгилегендей, бул технологиялар 2022-жылы алынган. Алгач 50 миллион доллар жумшалган. Ошол эле жылы август айында ишке киргизилип, сентябрь айында чек арадагы куралдуу кагылышта натыйжалуу пайдаланылган.
"Ошол кезде душмандар мамлекеттин он эки жеринен кирип келген. "Байрактар" алардын оор аскердик техникаларын жок кылып, тазалаган. Бул Баткен элине жана чек ара маселесинин чечилишине чоң салым кошкон," — деди Ташиев.
Анын айтымында, мындай абадан коргонуучу жана чабуул кыла турган пилотсуз аппараттардын үч түрү тең Түркия менен Кыргызстанда гана бар.
УКМК төрагасы чек ара маселеси 1991-жылдагы картанын негизинде чечилгенин кошумчалады.
Ташиев чек ара жаңжалында жабыркаган офицерге 1 млн. сом берди