БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан — Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальттоо иштерине даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта 22 чакырым жолду кеңейтүү иштери аяктап, суу өткөн түтүктөр орнотулуп, көпүрөнүн негизги конструкциялары жасалып, асфальт басууга даярдоо иштери уланып жатканы айтылат.
"Арашан — Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол "Чуңкурчак" тоо лыжа базасына жана аймактагы эс алуу жайларына алып барат. Жолдун сапаттуу оңдолуп асфальтталышы туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жолду кышка чейин бүткөрүү пландалып жатканы айтылды.