БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Алиментти эми нотариус аркылуу өндүрүп алуу мүмкүн болот. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү экени айтылган.
Ага ылайык, арыз ээси ата-энеликти аныктоо же талашуу зарыл болбогон жана үчүнчү жактардын кийлигишүүсүн талап кылбаган чыр-чатаксыз учурларда нотариуска арыз берүүгө укуктуу.
"Нотариус үч күндүн ичинде нотариалдык буйрук чыгарат. Бул документ алимент төлөөчүгө жиберилет, ага соттук буйрукка каршы пикирин билдирүү үчүн 10 күн берилет. Эгерде каршы пикир түшпөсө буйрук мыйзамдуу күчкө ээ болуп, ишке ашыруу үчүн сот аткаруучуларга жөнөтүлөт. Алар баланын пайдасына алимент өндүрүүнү чечип беришет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай жеңилдиктин аркасы менен доочулар сотко кайрылып, убакыт жана акча короткон түйшүктөн арылары айтылган. Андан тышкары, сот тутуму да миңдеген бир типтүү иштерден колу бошоп, татаалыраак жана кайчы пикир жараткан маселелерди кароого убакыт табылары кошумчаланган.
Ошондой эле нотариустар жаңы макамга ээ болуп, алардын чечимдери түз эле аткаруу документтерине айланып, бул институттун орду бекемделери белгиленди.