"Ошентип арыз толугу менен 30 күндүн ичинде каралат. Негизинен аксакалдар соту жарандардын ортосундагы мүлктүк талаш-тартыштар, жубайлардын ортосундагы мүлктү бөлүштүрүү, жер участкаларын пайдалануучулардын ортосундагы, анын ичинде сугат боюнча талаш-тартыштар жана майда-чүйдө ээнбаштык, мазактоо, ушактоо, уруп-сабоо сыяктуу иштерди карашат. Эң башкысы, ынандыруу жана коомдук таасир этүү жолу менен мекендештерин тарбиялоо, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана мыйзамга каршы келбеген чечим чыгаруусу кажет. Бул сот тарабынан жалпы 1 525 иш каралган. Анын ичинен 130 иш чечилбей сот органдарына өткөрүп берилген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 425 аксакалдар соту бар. Анын 2 496 мүчөсү болсо, 73 пайызын эркектер, 27 пайызын аялдар түзөт. Ар бир аксакалдар сотунун үчтөн кем эмес, тогуздан жогору эмес мүчөсү болушу керек", — деди Жээнбаев.