БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. 29-август, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.