Курулуш тармагы өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү секторго айланды. Жеке компаниялар менен бирге мамлекет да ипотека аркылуу жарандарга социалдык камсыздоо жаатында ипотекага үйлөрдү салып бере баштады. Бирок ошентсе да көйгөйлүү маселелер да көп эмес. "Ачык кеп" программасынын мейманы Чолпонбек Акматовдун айтымында, учурда куруучулар союзу жаңы программаларды кабыл алып, ишке башкача мамиле жасоого аракет жасалып жатканын айтты. Учурда курулуш тармагында кадр тартыштыгы да бар. Эгемен мамлекет болуп туруп башка компанияларга жол салуу, ГЭС куруу жаатында акчаларыбызды берип койбой, өзүбүз иш алып барган деңгээлге жетишибиз керектигин ал белгиледи. Муну менен катар салык кызматы да курулуш тармагына мындан ары тыкыр көз саларын айтты. Ошондой эле карапайым элдин акчаларын алып, үйлөрүн жылдап өткөрүп бербей келе жаткан компаниялар да бар.