Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Ысык-Көлдө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын координациялык кеңешинин V жыйыны өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринин өкүлдөрү жана уюмдун катчылыгы катышууда. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жыйынга башкы санитардык дарыгерлер, өзгөчө кооптуу инфекцияларды көзөмөлдөө борборлорунун жетекчилери жана биологиялык коопсуздук тармагындагы адистер катышып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул отурум уюм алкагында өтүп жаткан экинчи кеңешме. Кечээ күнү баңгизатка каршы саясат боюнча сессия болуп, баңгитрафикти алдын алуу жана азайтуу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу жөнүндө протоколго кол коюлган.
Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен КМШнын окуучуларды тамак-аш менен камсыздоо маселелери боюнча "Тармактар аралык тамактануу институту" бейөкмөт уюмунун жумушчу жолугушуусунда мектеп жана мектепке чейинки тамактанууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Анда тамактануунун сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн ашканаларды заманбап жабдуулар менен кайра жабдуу зарылдыгы, ал эми эмнени жаңыртуу керектигин түшүнүү үчүн ар бир ашканага паспорттоштуруу системасын киргизүү керектиги белгиленди.Россиялык эксперттер Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонулуп жаткан азык-түлүк блокторунун абалын баалоо системасын киргизүү керектигине токтолушкан.
Кыргызстандын Жеңиш чокусунда кырсыктап, азыр бейдарек болуп жаткан россиялык альпинист Наталья Наговицынага жетиштүү даярдыгы жок болгондуктан 2024-жылы аталган тоого чыгууга уруксат берилген эмес. Бул туурасында беларустук альпинист Артем Ценцевицкий айтканын РИА Новости жазды. "Тажрыйбалуураак, күчтүүрөөк альпинисттер менен теңтайлаша, калып калбай, жетишип басса чокуга чыгууну улантабыз деп макулдашканбыз. Биздин темп менен жүрө албаса, анда ал коопсуз, кайра артка тартып кете турган жерден сапарын токтотмок", — деген спортчу.
Венгрия Евробиримдикти сотко берди, анткени ал Россиянын активдеринен түшкөн пайданы Будапешттин макулдугусуз эле Украинага төлөп берген. Бул туурасында Portfolio басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, венгер бийлиги 2024-жылдын май айында ЕБ кеңеши кабыл алган чечимге каршы чыгып жатат. Ага ылайык, Россиянын тоңдурулган активдеринин 99,7 пайызы Европа тынчтык фондуна жөнөтүлүп, 2025-жылдын февралында фонд ал акчаны Украинага берген. Бул чечимге Будапешт каршы, анткени аталган өлкөнүн пикири эске алынган эмес. Венгриядан бул фондуга "салым кошуучу мамлекет" болуп эсептелбестигин эске салышкан. ЖМК белгилегендей, соттун чечими прецедент жаратышы мүмкүн. Анткени эгер Венгрия сотто утуп чыкса, мындай жараянды кайра колдоого алынбайт жана ЕБ кеңешиндеги ушуга окшош добуш берүүлөр өз-өзүнчө каралышы керек болот. Эгерде Будапешт утулуп калса, анын вето укугун ушундай жол менен келечекте да айланып өтүү мүмкүнчүлүгү сакталып калат.