Москвада өткөн II эл аралык педагогикалык форумда Россия менен Кыргызстандын ортосундагы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү маселеси талкууланды. Форумга эки өлкөдөн 200дөн ашуун мугалим катышып, заманбап окутуу ыкмалары боюнча билим алышты.Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова орус тилинин постсоветтик мейкиндиктеги бириктирүүчү ролун белгилеп, бул тажрыйба Евразиянын башка өлкөлөрүнө да үлгү болоруна ишенимин билдирди.
Форумдун ачылышына РФ Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, «Евразия» уюмунун мүчөлөрү, Кыргызстандан РПКЖИнин директору Алмазбек Токтомаметов, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты. Программанын жүрүщүндө Алмазбек Токтомаметов форумдун мааниси,