Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Украинадагы жаңжалдын чыгымын НАТО көтөрүүдө, АКШ тыйын да коротпойт

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Украинадагы жаңжалга корогон чыгымдар толугу менен НАТОго мүчө өнөктөштөрдүн мойнуна жүктөлдү. Вашингтон болгону аларга курал-жарак сатып жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
"Америка мындан ары Украинаны каржылоого катышпайт. Биз чыр-чатакты, өлүмдү токтотууга гана кызыкдарбыз. Жаңжалдын баарын НАТО каржылап жатат, биз бир тыйын да коротпойбуз", — деди Трамп Ак үйдөгү министрлер кабинетинин жыйынында.
Анын айтымында, АКШ союздаштарына миллиондогон, керек болсо миллиарддаган долларга аскердик техника, анын ичинде Patriot комплекстерин сатууда. Өлкөнүн курал-жарак чыгарган заводдору өндүрүштүн көлөмүн үч эсеге чейин көбөйттү. Президенттин баамында, европалык өнөктөштөр Америка чыгарган продукцияны дүйнөдө эң мыкты болгондуктан сатып алып жатышат.
Трамп АКШда жумушчулардын айлык акысы акыркы 60 жылда рекорддук темп менен өсүп жатканын кошумчалады. Маянага кошулган орточо сумма жылына 500 долларды түзөт. Ал муну энергетика тармагынын ийгиликтери менен байланыштырып, мунай жана азык-түлүктүн арзандаганын белгиледи.

Трамптын Украинага курал берүү планы

АКШ президенти Дональд Трамп 14-июлда Украинага аскердик жардамдын жаңы схемасын жарыялаган. Анда Вашингтон НАТОдогу европалык союздаштарына курал сатат, алар акысын төлөп Киевге өткөрүп берет. Биринчи жөнөтүүгө ракеталар гана эмес, Patriot батареялары да кирет. Айрым өлкөлөр өз комплекстерин Украина куралдуу күчтөрүнө жөнөтүп, андан кийин Штаттар алардын арсеналын толуктай турганы болжолдонууда.
Германия бул демилгени биринчилерден болуп колдоду. Бирок өлкөнүн коргоо министри Борис Писториустун айтымында, Украинага курал-жарак өткөрүп берүү процесси бир нече айга созулат. Өз кезегинде Франция, Италия, Венгрия жана Чехия Американын мындай схемасына катышуудан баш тартышкан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Трамптын планы — бизнес. Ал эми Европа отко май чачып, согушту каржылаганга эсепсиз акча коротууда. Москва АКШнын алыскы аралыкка атуучу ракеталарын Киевге берүү тууралуу азырынча сөз жок деген пикирде.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина депутаты Киев бийлиги жаштарга кошуналарды жек көрсөтүп жатканын айтты