БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россиялык альпинист Наталья Наговицына турат деген жерде тирүү жандын белгиси жок. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн заманбап технологияларды колдонуу менен кезектеги издөө-куткаруу операциясы жүргүзүлдү.
"Альпинист жайгашкан аймакка жогорку тактыктагы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен аэровидеосъемка жүргүзүлдү. Аба ырайынын катаал шарттарына, катуу шамалга карабастан тепловизорду колдонуу менен аймакты тартып алууга мүмкүн болду. Альпинист турат деген жерден тирүүлүктүн белгилери байкалган жок", — дешти атайын кызматтан.
Буга чейин КР ӨКМи Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептелгенин кабарлаган.
Эске салсак, альпинист Наговицына 2025-жылдын 12-августунда аталган чокудан түшүп келе жатып бутунан жаракат алган. Эртеси күнү италиялык Лука Синигилья жана анын шериги Гюнтер Наговицынага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон (чокудагы абанын басымынан улам мээси шишип кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылды).
16-августта окуя болгон жерге Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучу тик учагы жөнөтүлгөн, бирок аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктап, эки адам жабыркаган.