"Алгач кыргын маселесин чечкиле". Польша Украинага шарт койду

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг.— Sputnik. Украина Волынь кыргынына байланыштуу бардык маселелерди чечмейинче Европа биримдигине мүчө боло албайт. Муну Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш айтканын РИА Новости жазды.

"Эгер Украина эксгумация жүргүзбөсө, курмандыктардын элесин түбөлүккө калтырбаса жана бул трагедия боюнча маселени толук чечпесе ЕБге кошулуу мүмкүнчүлүгү болбостугун айткам", — деген министр.

Волынь кыргыны

Волынь кыргыны жана Украинанын Улуттук Уюму* (УУУ), Украинанын Козголоңчу армиясынын* (УКА) улутчул лидерлерине болгон мамиле — Польша менен Украинанын ортосундагы көйгөйлүү маселе.
2016-жылдын жайында Польша парламентинин төмөнкү палатасы 11-июлду геноциддин курмандыктарын эскерүү боюнча Улуттук эскерүү күнү деп тааныган токтом кабыл алган. Бул кыргынды 1943-1945-жылдары украин улутчулдары жасаганы белгиленген.
Польша тараптын айтымында, 1939-1945-жылдары Волынь, Чыгыш Галиция жана II Польша Республикасынын түштүк-чыгыш воеводстволорундагы поляктарга каршы УУУ*-УКАнын* тарапташтары массалык кыргын салган.
Эске салсак, 1943-жылдын 11-июлу "кандуу жекшемби" деп аталып, тарыхта Польша эли кабылган Волынь кыргынынын туу чокусу катары калды.
Украиналык нацисттер бир эле күндө 8 000 полякты кырып салган. Бандерачылар кол салуу үчүн атайын эл сыйынууга чогулган жекшембини тандап алышкан эле, чиркөөгө чогулгандарды жылдырбай курчап, өлтүрүүгө ыңгайлуу болгон.
Волынь кыргынында жалпысынан 100 000 поляк өмүрү менен кош айтышкан.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Польша президенти иштебеген украиналыктарга жөлөк пул берүүгө каршы чыкты