Наталья Наговицына боюнча президенттик администрациянын видеокомментарийи

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Spiutnik. Кыргызстандын Жеңиш чокусунда кырсыктап, азыр бейдарек болуп жаткан россиялык альпинист Наталья Наговицына боюнча президенттик администрациядан үн катышты.
Мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов Наговицынанын абалын байкоого пилотсуз аскердик учактар да тартылганын кабарлады.

"Альпинисттин кырсыктап аскадан түшө албай калганы тууралуу кабар түшкөндөн тартып, тийиштүү мамлекеттик кызматтар аны эвакуациялоо боюнча бардык аракеттерди көрүшкөн. Куткаруучулардын болгон аракетине карабастан, альпинистти экстремалдык бийиктиктен эвакуациялоого мүмкүн болгон жок", — деди Алагөзов.

Эске салсак, альпинист Наговицына 2025-жылдын 12-августунда аталган чокудан түшүп келе жатып бутунан жаракат алган. Эртеси күнү италиялык Лука Синигилья жана анын шериги Гюнтер Наговицынага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон (чокудагы абанын басымынан улам мээси шишип кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылды).
16-августта окуя болгон жерге Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучу тик учагы жөнөтүлгөн, бирок аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктап, эки адам жабыркаган.
Ал эми бүгүн Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептелип жатканын айтышкан.
ИИМ: Наговицына кабылган кырсык боюнча текшерүү башталды