Бишкекте буга чейин колдонулуп келген үй жаныбарларын багуу боюнча эрежелер заман талабына жооп бербей калды. Мындан улам жаңысы кабыл алынууда. Бул тууралуу Туратбек Жантаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында эски токтом 2002-жылы кабыл алынган.
"Буга чейин иштеп келген токтом кабыл алынгандан бери 23 жыл өттү. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Ошондой эле мэриянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үй жаныбарларын багуу эрежелерин сактабагандык, аларды кордоо сыяктуу окуялар тууралуу күн сайын кайрылуулар түшөт. Жолбун иттер боюнча дагы даттангандар бар. Буга байланыштуу өзгөртүү, толуктоо муктаждыгы жаралды", — деди Жантаев.
Ошондой эле ал аталган токтом менен борбор калаада мал жаюуга тыюу салынган аймакты да кыйла кеңейтүү каралып жатканын кошумчалады.