Кыргызстандык жоокерлер ЖККУ машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барышты

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер контингенти ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн "Взаимодействие-2025" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Беларустун Витебск шаарына барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Биргелешкен машыгуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрүнүн ортосундагы ыкчам-тактикалык кызматташууну өнүктүрүү, заманбап шарттарда согуштук ыкчамдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.
"Кыргыз аскер кызматкерлеринин мындай иш-чараларга катышуусу кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык аскердик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Аскерлерди Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын начальниги Жолдошбек Султанов жетектеп кетти.
Кыргызстандын жоокерлери Москвадагы мелдеште алдыңкы орундарды ээлеп жатат