БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекет өз күчүнө таянып Ысык-Көл облусундагы Барскоон — Бедел жолун сала баштады. Трассаны 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жол курулушун баштап берип жатып билдирди.
Өлкө башчысы долбоор ишке ашса Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 чакырымдай кыскарып, жүк ташуучулар үчүн кеминде 12 саат үнөмдөлөрүн айтты. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскара турганы белгиленди.
"Жолду өз күчүбүзгө таянып, мамлекеттин акчасына салып баштадык. Бир дагы насыя, карыз алган жокпуз. Курулуш 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүп, транспорт кенен жүрө тургандай магистраль ачылат", — деди президент.
Өлкө башчынын айтымында, долбоорду China Road and Bridge Corporation компаниясы ишке ашырат. Ошондой эле "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу баштала турганы кошумчаланды.