Мамлекет Кумтөрдү алгандан кийин 54 тонна алтын өндүрүп, 3,5 млрд. доллар тапты

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кумтөр кени мамлекетке толук өткөндөн бери жалпы 3 миллиард 445 миллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Барскоондо алтынды жер астынан казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.
Өлкө башчысы мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөнгөнүн, бул мезгил ичинде жалпы 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлгөнүн айткан.

"Ишкана 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миллиард 445 миллион доллар киреше тапты. Андан түшкөн акчага мамлекеттик ипотекалык үйлөр, жол, мектеп, бала бакчалар салынууда. Эмгек акылардын, пенсия-пособиелердин көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техникалардын сатып алынышы, иши кылса өлкөдө болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акча жумшалып жатат", — деп белгилеген Жапаров.

Ал кенди чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону 100 миллион доллар түшсө, мамлекетке өткөн үч жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алынганын кошумчалады.
Жапаров: Кумтөр дагы 40-50 жыл иштейт, алтынды жер алдынан казууга өттүк