Жапаров: Кумтөр дагы 40-50 жыл иштейт, алтынды жер алдынан казууга өттүк

Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казуу иштери расмий башталды. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Барскоондо долбоорду ачууга арналган иш-чарада сөз сүйлөп жатып билдирди.
Өлкө башчы ишти мындан 20 жыл мурда эле баштоого болмоктугун айтты. Алтынды жер астынан жабык ыкмада казып алуу айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрдү коргоп калуудагы эң маанилүү кадам экенин белгиледи.
"Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү дароо жер астынан алтын казуу боюнча тапшырма койгом. Бүгүн өзүбүздүн адистерибиздин күчү менен жер астынан алгачкы руда казыла баштады. Учурда төмөндү көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, тоннель жасалып, курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу тектерди алганы турабыз. Мындай ыкма менен 17 жылга чейин иштеп, 147 тонна алтын алсак болот", — деп белгилеген өлкө башчысы.
Ошол эле учурда мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен дагы алтын өндүрүлө бере турганын кошумчалады. Бирок акырындык менен жер астынан алтын казуу долбооруна артыкчылык берилерин белгилеп, Кумтөрдүн келечеги алдыда экенин, дагы 40-50 жыл өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын эске салды.
Белгилей кетсек, ачык карьердик ыкма менен казып алууда бир тонна баалуу руданы алыш үчүн 60 тоннага чейин бош тоо текти казууга туура келет.
Жапаров көл жээгин таштандыдан тазалаган экоактивистке автоунаа белек кылды