БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы такси, автобус айдоочуларына айып салууну көздөөдө. Бул туурасында өкмөттүн токтом долбоорунда айтылган.
Документке таянсак, борбор калаада машина көбөйгөн сайын коомдук транспорттун да жол эрежесин бузган учурлары арбып жатканы айтылат. Ал эми мэрия түшүндүрүү иштери менен гана чектелип, ал натыйжа бербей жатканы белгиленген.
Мындан улам тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин, санитардык нормаларды бузган такси, автобус айдоочуларына айып салуу укугун Бишкек мэриясына берүү каралып жатат.
Муниципалитет маршруттук схемадан чыгып кеткен автобус жана электробустардын айдоочуларына айып салууну сунуштоодо.