БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкектеги студенттер 15-сентябрга чейин аралыктан окушат. Маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тастыктады.
"Чечим борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө, шаар ичиндеги жолдорду оңдоого жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынды. Мындай чара студенттерге, мугалимдерге жана шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Чечим медициналык окуу жайлардын студенттерине тиешелүү эмес.
Буга чейин соцтармактарда ЖОЖ жетекчилеринин тобуна жөнөтүлгөн маалымдама тараган. Анда тиешелүү тапшырманы минкаб бергендиги жазылган.