Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Бишкекте "Салттуу ардагердик боордоштукту бекемдөө — тарыхтан келечекке" аттуу тегерек столдун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат борбору кабарлады. Иш-чаранын катышуучулары социалдык колдоо, өз ара кызматташуу жана жардамдашууну чыңдоо керектигин айтышып, маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүү маселесин талкуулашкан."Атайын кызматтардын ардагерлер уюму жарандарды патриоттукка тарбиялоодо, тарыхый мурасты сактоодо жана коомдун биримдигин бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Алардын ишмердүүлүгү мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук маанилүү долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта. Катышуучулар муундардын байланышын, тарыхый мурасты жана тажрыйбаны муундарга өткөрүп берүү маанилүү экенин белгилешкен. Жолугушуу мамлекеттик коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого баа жеткис салым кошкон ар кайсы муундун өкүлдөрүн бириктирди.
Салык кызматы кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябрында аяктарын эскертет. Жарандар өздөрүнүн электрондук кабинеттерин текшерип, эсептелген сумма менен таанышып, 1-сентябрга чейин – турак үйлөргө, батирлерге ошондой эле – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыктарды төлөшү керек. Эгерде өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн айып салынат.
Борбордогу студенттер 15-сентябрга чейин аралыктан окушат. Маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тастыктады. Онлайн окутуунун себеби айтылган жок. Министрлик кеңири маалыматты кийин берүүнү убадалады.
Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. Иш-чараларга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышты. Мекемеден маалымдашкандай, форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана Кыргызстан менен Германиянын бизнес-ассоциацияларын бириктирип, эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чаранын алкагында: экспорттук потенциалды кеңейтүү; ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү; биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу; жаңы экономикалык багыттарды илгерилетүү маселелерин камтыган панелдик сессиялар өттү. Бизнес-форум менен Ишкерлер кеңешинин жыйыны Кыргызстан менен Германиянын өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктап, тараптардын соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча активдүү кызматташтыкты улантуу ниетин көрсөттү.