Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Мамлекет өз күчүнө таянып Ысык-Көл облусундагы Барскоон — Бедел жолун сала баштады. Трассаны 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жол курулушун баштап берип жатып билдирди. Өлкө башчысы долбоор ишке ашса, Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 чакырымдай кыскарып, жүк ташуучулар үчүн кеминде 12 саат үнөмдөлөт. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскара турганы белгиленди. "Жолду өз күчүбүзгө таянып, мамлекеттин акчасына салып баштадык. Бир дагы насыя, карыз алган жокпуз. Курулуш 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүп, транспорт кенен жүрө тургандай магистраль ачылат", — деди президент. Өлкө башчынын айтымында, долбоорду China Road and Bridge Corporation компаниясы ишке ашырат. Ошондой эле "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу баштала турганы кошумчаланды.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер контингенти ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн "Взаимодействие-2025" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Беларустун Витебск шаарына барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Биргелешкен машыгуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрүнүн ортосундагы ыкчам-тактикалык кызматташууну өнүктүрүү, заманбап шарттарда согуштук ыкчамдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө."Кыргыз аскер кызматкерлеринин мындай иш-чараларга катышуусу кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык аскердик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта. Аскерлерди Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын начальниги Жолдошбек Султанов жетектеп кетти.
Россиялык альпинист Наталья Наговицына турат деген жерде тирүү жандын белгиси жок. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн заманбап технологияларды колдонуу менен кезектеги издөө-куткаруу операциясы жүргүзүлдү. "Альпинист жайгашкан аймакка жогорку тактыктагы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен аэровидеосъемка жүргүзүлдү. Аба ырайынын катаал шарттарына, катуу шамалга карабастан тепловизорду колдонуу менен аймакты тартып алууга мүмкүн болду. Альпинист турат деген жерде жерден тирүүлүктүн белгилери байкалган жок", — дешти атайын кызматтан.Буга чейин ӨКМи Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептелгенин кабарлаган. Ал эми ИИМ тарабынан кырсык боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эми Өзбекстанда жарандар сапатсыз же кооптуу товарларды билдирсе, материалдык сыйлык ала алышат. Бул сунуш "Рыноктук көзөмөл жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорунда каралганын өлкөнүн Адилет министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Министрлер Кабинети мыйзам бузуулар тууралуу кабар бергендерге төлөмдөрдү төрт айдын ичинде бекитет. Мындан тышкары, сапатсыз продукциядан жабыркагандарга компенсация каралган. Көзөмөл сатып алуулар, экспертизалар жана арыздарды текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Мыйзам кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.