Быйыл Бишкек шаарында жашылдандыруу иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат. Шаардын көчөлөрүнө жалпысынан 6500 жазгы жалбырактуу дарак, 3500 ийне жалбырактуу дарак жана 2500 бадал отургузуу пландалган. Бул иштердин негизги максаты — экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү. Ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери кыш мезгилинде эле башталып, бүгүнкү күндө алардын 2500дөн ашыгы отургузулду. Ар түрдүү өсүмдүктөр шаарды көрктөндүрүп, абанын тазалыгына чоң салым кошот. Жашыл аянттар көбөйгөн сайын шаар кооз болуп, жашоочулар үчүн жайлуу жана таза чөйрө түзүлөт. Бул демилге келечек муун үчүн да маанилүү экологиялыккадам болуп саналат. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев маалымдады.