2025-жылдын январь–июль айларында Кыргызстанда айыл чарба тармагында жалпы өндүрүш көлөмү 179 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3% өсүштү түзгөн. Негизги өсүш мал чарбачылыгы тарабынан камсыздалса да, өсүмдүк өстүрүү тармагында да оң тенденциялар байкалууда. Кыргызстанда өсүмдүк өстүрүү тармагы айыл чарбанын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бул багыттагы жетишкендиктер жана тоскоолдуктар тууралуу кеңири айтып берүү үчүн маекке Айыл чарба министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын агро токой жана багбанчылык секторунун башчысы Бакытбек Орозакунов чакырылган.