Эмгек милдеттерин аткарып жатып майып болуп калганда же казаболгондо бир жолку жөлөк пул төлөө тартиби боюнча жаңы жобо бекитилди. Эми иш учурунда майып болуп калган адамдарга майыптык даражасына жараша төлөм каралган: III топко — үч жылдык орточо айлык, II топко — беш, ал эми Iтопко — жети жылдык орточо айлык өлчөмүндө. Эгер кызматкер каза болуп калса, анын багуусундагы жакындарына он эки жылдык орточо айлык төлөнөт. Бюджеттик тармакта иштегендер үчүн бул сумма так көрсөтүлгөн: каза болгондорго — 2 миллион сом, ал эми I, II, III топ майыптыгына жараша 500 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жазгүл Калмырзаева жана Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын эмгекти контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кубаныч Сыргабаев айтышты.