Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп АКШ Украинага эми акча коротпой тургандыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп эми украин жаңжалына акча коротпой турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биз эми Украинага эч кандай акча төлөбөйбүз да, эч кандай чыгым тартпайбыз. Куралды НАТОго сатып жатабыз, анткени менин аракетим менен альянс чыгымдарды (коргонууга — ред.) 5 пайызга көбөйтүүгө макул болду", — деген Ак үйдүн башчысы.

Мындан сырткары, Трамп мурда ага бардык заманбап көйгөйлөрдүн ичинен украин жаңжалы эң оңой чечилчүдөй сезилгенин мойнуна алган.
"Чынын айтсам, мен эң жеңил болот деп ойлогон маселелердин бири — Россия менен Украина эле. Бирок белгилүү болгондой, ал олуттуу жеке амбициялардын кагылышына байланыштуу экен", — деген Трамп.
Трамптын жеке руханий кеңешчиси менен атайын чабарманы Украинага барат