БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өзгөн шаарында мал сарай өрттөнүп, анын кесепетинен эки жашар бала чарчап калганын ӨКМ билдирди.
Маалыматта сарай жыгач устундуу шифер менен жабылып, эки кабаттуу болгону айтылат.
Министрлик өрттүн себеби такталып жатканын кабарлады.