Оштогу көчөлөрдүн бирине Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги орнотулат

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы көчөгө казактын улуу акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат. Бул маалыматты аталган калаанын мэриясынан таратышты.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмедовго казак акынынын ысымы ыйгарыла турган Волгоград жана Тимирязев көчөлөрүн көрсөткөн.
Көчөнүн узундугу 3,8 чакырым болгон жолун оңдоп-түздөө дээрлик аяктаган. Бир айдын ичинде анын баш жагына улуу ойчулдун айкели коюлуп, чакан сквер түшмөкчү.
Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө катуу таасир берген инсан.
Быйыл Казакстанда Кунанбаевдин 180 жылдык юбилейи масштабдуу белгиленди.
Бийликтен баш тарткан реформатор. Казак акыны Абай тууралуу 7 факты