БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы дипломаттар шаарчасын куруу үчүн жер бөлүп берди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалыматта калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугуп, дипөкүлчүлүктөр үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырганы айтылат.
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
"Кыргызстанда биринчи болуп Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бөлүнгөн жер тилкеси Алымбек датка аймактык башкармалыгында жайгашкан. Жалпы аянты 3,5 гектарды түзүп, ар бир консулдукка 0,4 гектардан (20 сотых) жер каралат", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берери кошумчаланды.