БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Киев бийлигинин башчысы "Дружба" түтүгүн жардыруунун кесепетин тартат. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын айтканын РИА Новости жазды.
"Зеленский Венгрияны ачык эле коркутууга өттү. Алардын ЕБге мүчө болушун колдобогондугубуз үчүн "Дружба" мунай түтүгүн жардыргандыгын мойнуна алды. Киевдин ушул кадамынан кийин да венгрлер мурда туура чечим кабыл алганын көрүүгө болот. Зеленский эми тилинин азабын тартат", — деген ал.
"Дружба" түтүгү Альметьевскиден башталып, Брянск аркылуу өтөт да, андан ары эки тармакка бөлүнөт. Түндүк тармагы — Беларустун аймагы аркылуу Польшага карай, ал эми түштүк тармагы Украина аймагы аркылуу Венгрияга, Словакияга жана Чехияга карай кетет.
Россиялык чийки затты Германияга ташуу 2023-жылдын башында, ал эми Польшага ташуу ошол эле жылдын февраль айынын аягында токтотулган. Калган өлкөлөр мунайды түштүк тармак аркылуу алууда.
Соңку мезгилдери Украинанын армиясы "Дружбага" үч ирет чабуул жасады. Мунун кесепетинен улам Венгрия менен Словакияга продукция барбай калды. Аталган республикалардын бийлиги Еврокомиссияга кайрылып, алардын коопсуздугуна кепилдик алып берүнү суранган.
Мындан сырткары, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШ президенти Дональд Трампка даттанып, ал украин армиясынын бул кадамдарына ачуулангандыгын билдирген.
Ал эми Зеленский бул окуяны ачык эле тамашага айландырып, анысын коомчулуктан жашырган эмес.