Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина депутаты Киев бийлиги жаштарга кошуналарды жек көрсөтүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Украинада коңшуларга жек көрүүчүлүк күчөөдө, мамлекет эмес, менчик аскердик компания, террордук топ болуп бара жатат. Мындай пикирин Украинанын депутаты Артем Дмитрук айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.

"Бүгүн Украина — "анти-Россия". Эртең ал "анти-Польшага" же "анти-Германияга" айланышы мүмкүн. Эң негизгиси, коңшуларга болгон жек көрүү жаралууда. Бул мамлекет эмес, бул жеке аскердик компания (ЧВК), террордук топ", — деген Дмитрук.

Ал мамлекет, Киев бийлиги жаш муунду мамлекеттин жарандары катары эмес, жеке аскердик компаниянын жалданма жоокерлери катары тарбиялап жатканын белгилеген.
"Аларга тарыхтын кереги жок, маданият маанилүү эмес. Автомат кармаганды жана эң негизгиси, жек көргөндү билишиң керек деп айтышат", — деген Дмитрук.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада аскерге чакыруунун түркүн айла-амалы колдонулууда. Сүрөт