БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Сентябрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол — Алматы — Каракол автобус каттамдары ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Аталган эл аралык каттам союз маалында иштеп, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган.
"Учурда эки өлкөнүн транспорт министрликтери иштеп жатышат. Мындай чечим эки өлкө президенттеринин макулдашуусунун жыйынтыгында кабыл алынды", — деп билдирген Алагөзов.
Каттам жыл бою аткарылып турары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, 25-августтан тарта "Каркыра" бекети күнү-түнү иштей баштаганы айтылган.