Маданият министрлиги мамлекетке 27 млн. сом зыян келтирген делип иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миллион сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугу текшерилип, мамлекетке 27 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Акча бөлүү тууралуу жарлыкка президент 2023-жылдын сентябрында кол койгон. Каражат 2024-жылдын ичинде бөлүнгөнү белгилүү болду.
Көзөмөл органы тараткан маалыматта 7,6 миллион сом министрлик тарабынан максатсыз коротулганы, Дене тарбия жана спорт департаменти 6,2 миллион сомдук спорт шаймандарын кымбат алганы, "Кыргыз Маданият Сервис" ишканасы 13,2 миллион сом коротуп сатып алган жабдуулар негизсиз жок кылынганы белгиленген.

"Натыйжада мамлекетке жалпы 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козголду", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланган.
Министрликтеги коррупция. Өзбекстанга 40 миңдей бодо мал мыйзамсыз экспорттолгон