БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Израилдеги нааразылык кыймылы жана Газадагы барымтадагылардын үй-бүлөлөрү шейшембини "күрөш күнү" деп жарыялап, палестин анклавындагы согушту токтотууну, туткундарды бошотуу боюнча келишимди талап кылышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Алардын таң эрте эле жолдорду тосуп, нааразылык акцияга чыкканы дароо көзгө урунду.
"Барымтадагылардын үй-бүлөлөрү күрөштү күчөтүп, нааразылык күндү олуттуу башташты. Бүгүн Израиль биз менен, биздин жакындар менен бирге турат... Таң аткандан тарта эле барымтадагылардын бүлөлөрү жана он миңдеген тарапкерлер өлкө боюнча нааразылыкка чыкты", — деп билдиришти туткунга түшкөн израилдиктердин үй-бүлөлөрүн колдоп, жардам көрсөткөн "Барымтадагылардын үй-бүлөлөрүнүн форуму" уюму.
Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясынын маалыматына ылайык, шейшемби күнү таң эрте нааразы болгондор Тель-Авивдеги башкы жолду жана бир нече кесилишти тосуп койгон. Израиль полициясы сөз эркиндигин колдоорун билдирип, бирок коомдук тартипти бузам дегендерди аябай тургандыгын эскерткен. Полициянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Тель-Авивде митингчилердин бири кармалып, анын жанынан көздөн жаш агызуучу граната табылган.
"Жолдорду уруксаты жок тосуп, автокыймылдын коопсуздугуна коркунуч жаратууга же жарандардын ары-бери катташына тоскоолдук кылууга полиция жол бербейт жана аларды токтотот", — деп эскертишкен укук коргоо органдарынан.
Шейшембинин кечинде да уюштуруучулар Тель-Авивдин борборунда ири нааразылык акцияларын жана митингдерди өткөрүүнү пландаштырган.
Израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү жакындарын Газадан куткарып алууну талап кылып, маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып келе жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, аталган тилкеде барымтада 50 киши калганы айтылган, анын жарымынан азы гана тирүү дешти.
Палестина менен Израилдин Газадагы кырды бычак болушу 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Андан бери согуш тынчый элек.