Кал, мең жана анар сулуулуктун белгисиби же ден соолукка кооптуубу?

Sputnik
Кал, мең жана анар булар териде кездешкен, сырткы көрүнүшү окшош болгону менен табияты ар башка түзүлүштөр. Кал — төрөлгөндөн же өмүр бою пайда болгон, көбүнчө зыянсыз пигмент так. Мең (медициналык тилде "невус") — теридеги пигмент клеткаларынын топтолушу, ал кээде онкологиялык шишикке айланышы мүмкүн. Анар — катуу, көбүнчө түбүндө тамырлуу болуп, өскөн теринин вирус аркылуу пайда болгон түрү (папиллома вирусу менен байланыштуу).
Эгерде теридеги бул белгилер чоңоюп, түсүн өзгөртүп, канап же кычышып баштаса эмне кылуу керек? Кал, мең жана анар сулуулуктун белгисиби же алардын түсүн, көлөмүн көзөмөлдөп туруу керекпи? Дарыгерге кайсы учурда кайрылуу зарыл? Деги эле теридеги пайда болгон өзгөрүүнү көзөмөлдөп туруу канчалык маанилүү?
Ушул жана башка суроолорго “Көз мончок” программасынан жооп ала аласыздар.