"Кызыл Жарым Ай" коомдук уюму төрт негизги багытта иш алып барат. Алардын ичинен эң маанилүүлөрүнүн бири — медициналык кызматтар. Бул багытта уюм Кыргызстандын аймактарында көз оорулары боюнча медициналык кызматтарды жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет.Учурда коомдун демилгеси менен облустук деңгээлдеги ооруканалардагы офтальмология бөлүмдөрү жаңы медициналык жабдуулар менен камсыздалып, жергиликтүү адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу иштерине көмөк көрсөтүлүүдө. Айрыкча түштүк аймактагы офтальмологдор Непалда атайын окуудан өтүп, заманбап ыкмаларды үйрөнүп кайтышты. Мисалга алсак, буга чейин Баткен шаардык ооруканасында бир да офтальмолог жок болсо, азыр ал жерде көз оорулары бөлүмү толук кандуу иштеп, жеңил операцияларды да жүргүзө баштады. Бул — чоң жетишкендик. Жакында айлык жарыяланып, шарты оор айылдарды кыдырып, жардам көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө мындай иштер өлкөнүн алты облусунда жүргүзүлүүдө. "Кызыл Жарым Ай" коомунун бул демилгеси — көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүгө муктаж миңдеген адамдар үчүн чоң үмүт жана жардам болуп саналат.