Куткаруучулардын ишмердүүлүгүнө эл аралык кызматташтык кандай таасир этет?

Sputnik
Өлкөгө 11 мамлекеттин тоо куткаруучулары билимин жогорулатуу үчүн окууга келишти. Алар эки жума ичинде тоолордо жана суу объектилеринде куткаруу боюнча теориялык жана практикалык курстан өтүп, сертификат алышат. Бул окуу жөн гана билим берүү эмес, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана адам өмүрүн сактап калууга багытталган.
Анда куткаруучулар эмнелерди үйрөнүшөт? Теория менен практика кандай айкалышып өтөт? Тоо шартында куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кандай көндүмдө ркерек? Башка мамлекеттерден келген адистер менен кандай тажрыйба алмашуу болупжатат? Деги эле эл аралык кызматташтык куткаруучулар үчүн кандай мааниге ээ?
Ушул жана башка суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123-аскер бөлүгүнүн куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун биринчи куткаруу кошуундункомандири Нурбек Мамбетсалиев жооп берди.