Улуттук банк башкармалыгы 25-августта эсептик ченди 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, чечим бүгүн, 26-августтан тартып күчүнө кирет. Маалыматка караганда, Кыргызстанда инфляция 2025-жылдын башталышынан тартып 5,0 пайызды, жылдык мааниде – 9,4 пайызды түздү. Учурда түптөлгөн инфляция, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу коньюнктурасынын алкагында тышкы факторлордун таасири астында жана жогору суроо-талап менен катар Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баа динамикасынын сезондуулугунун өзгөрүшү менен шартталган. Мындан тышкары, инфляцияга электр энергиясына тарифтерди ар жылдык кайра кароо да таасирин тийгизүүдө.Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугунун сакталышына жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана түптөлүп жаткан ички жана тышкы инфляция факторлорун баалоо ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши мүмкүн.Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 27-октябрда өтөт.
Бүгүн 20 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Кыргызстанга кайтып келди. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал чемпионатка 67 кг салмактык категорияда катышкан. Дүйнө чемпионун "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алды. Дүйнө чемпонаты 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өттү. Ал сегиз күнгө созулуп, алгач эркин күрөш, андан соң кыз-келиндер арасында күрөш, ал эми 24-августта грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталган.
Киев бийлигинин башчысы "Дружба" түтүгүн жардыруунун кесепетин тартат. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын айтканын РИА Новости жазды. "Зеленский Венгрияны ачык эле коркутууга өттү. Алардын ЕБге мүчө болушун колдобогондугубуз үчүн "Дружба" мунай түтүгүн жардыргандыгын мойнуна алды. Киевдин ушул кадамынан кийин да венгерлер мурда туура чечим кабыл алганын көрүүгө болот. Зеленский эми тилинин азабын тартат", — деген ал. "Дружба" түтүгү Альметьевскиден башталып, Брянск аркылуу өтөт да, андан ары эки тармакка бөлүнөт. Түндүк тармагы — Беларустун аймагы аркылуу Польшага карай, ал эми түштүк тармагы Украина аймагы аркылуу Венгрияга, Словакияга жана Чехияга карай кетет. Россиялык чийки затты Германияга ташуу 2023-жылдын башында, ал эми Польшага ташуу ошол эле жылдын февраль айынын аягында токтотулган. Калган өлкөлөр мунайды түштүк тармак аркылуу алууда. Соңку мезгилдери Украинанын армиясы "Дружбага" үч ирет чабуул жасады. Мунун кесепетинен улам Венгрия менен Словакияга продукция барбай калды. Аталган республикалардын бийлиги Еврокомиссияга кайрылып, алардын коопсуздугуна кепилдик алып берүнү суранган.