Өлкөдө Жарандык процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизилип, жаңы мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, эми аксакалдар сотунун чечимине макул болбогон жарандар, ошол чечимди райондук же шаардык сотко кайрылып, кайра каратып көргөзө алышат. Арыз берүү үчүн он күн убакыт берилет. Сот беш күндүн ичиндеарызды кабыл алып же артка кайтарышы керек. Ал эми арыз толугу менен 30 күндүн ичинде каралат. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Бактыярбек Джээнбаев "Күн башат" программасынын алкагында маалымдады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 425 аксакалдар соту бар. Алардын мүчөсү 2 496 адам болсо, анын 73 пайызын эркектер, 27 пайызын аялдар түзөт. Аксакалдар соту быйыл жалпысынан 1 525 ишти караган.