Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда эки ири ГЭСти курууга инвесторлор 6 миллиард доллардан ашык каражат салат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө Казарман жана Көкөмерен каскаддарына ГЭСтерди куруу пландалууда. Алардын жалпы кубаттуулугу 2,2 миң мегаваттты түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн түрк ишкерлеринин "Орто Азия инвестициялык холдинги" түзүлгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы модернизацияланып жаткан эң ири Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1 200 мегаваттка жетет.
2025-жылдын алгачкы жети айында Өзбекстанга 1 млн 800 миңден ашуун кыргызстандык барды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады. Аталган мезгилде Өзбекстанга жалпы 6 млн 300 миң чет элдик меймандар келген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда алардын саны 2 миллион 100 миң кишиге көбөйүп, өсүш 48,9 пайызды түздү. Эң көп каттагандар арасында Кыргызстан биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Казакстан, Тажикстан, Россия, Афганистан, Түркмөнстан, Кытай, Түркия, Индия жана Корея Республикасы орун алды. Башка өлкөлөрдөн 289 миңден ашык киши келген. Буга чейин 2025-жылдын алгачкы жети айында 2 миллионго жакын Өзбекстандын жараны Кыргызстанга турист катары барганы маалымдалган.
Ушул жылдын 1-сентябрынан тартып санарип платформалар такси жана курьер кызматын көрсөткөндөр үчүн салык төлөй баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматта санарип платформалар алардын онлайн тиркемелерин колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй тургандыгы белгиленген. "Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат", — деп айтылат маалыматта. Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелет: 2025-жылдан 2028-жылга чейин — 1 пайыз; 2028-жылдан 2030-жылга чейин — 2 пайыз; 2030-жылдан тартып жана андан ары — 5 пайыз. Мисалы, 2025-2028-жылдар аралыгында ставка 1 пайызды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот.
Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы күтүлүп жатканын өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Анда негизги импортер болгон Россияда күйүүчү майдын биржадагы баасы акыркы мезгилде бир нече жолу рекорд жаңылап, көтөрүлгөнү айтылган. Кымбаттоонун башкы себеби катары сезондук муктаждыктын жогорулап жатканы белгиленген. Андан тышкары, мунайды кайра иштеткен заводдор дрон чабуулдарына учурап, оңдоо иштери өндүрүштүн темпин азайтууда. Мындан улам рынокто сунуш азайып, баштапкы баа көтөрүлүп, июлдан тартып Кыргызстанда бензин жана дизелдин баасы акырындык менен өсө баштаган. "Баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда нефтетрейдерлердин негизги милдети — рынокто тартыштыкка жол бербөө", — деп билдиришти ассоциациядан.