Польша президенти иштебеген украиналыктарга жөлөк пул берүүгө каршы чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Польшанын президенти Кароль Навроцкий жумушсуз украиналыктарга социалдык төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамга вето койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз мындан ары да украиналык качкындарга жардам берүүгө жана аларды кабыл алууга даярбыз. Бирок соңку үч жарым жылда абал түп-тамырынан өзгөрдү. Мыйзамдарды оңдоп, тууралашыбыз керек. Бардык саясий топтор "800+" иштеген жарандарга гана берилиши керектигин талап кылууда. Менде жаткан мыйзам бул талапты аткарбайт. Саламаттык сактоо фондуна акча төлөбөгөн украиналыктар өзүбүздүн элден да артык абалда болуп калууда. Ошондуктан мен украиналык жарандарга жардам көрсөтүү мыйзамына кол койгон жокмун", — деди президент маалымат жыйында.
Польша лидери мындай чечим бекер медициналык камсыздоого да тийиштүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Бандера символикасын фашизм белгисине теңөөнү сунуштады.
Украинадагы атайын операция башталгандан бери Польшага миллиондогон качкын келген. Өлкө парламенти аларга социалдык жеңилдиктерди берген мыйзам кабыл алган. Мисалы, ар бир балага ай сайын 800 злотый (200 доллардан ашык) өлчөмүндө төлөнүүчү "800+" жөлөк пулу бар. Мыйзам убактылуу мүнөзгө ээ болуп, ар алты айда узартылып турат.
Мерц Германия мындан ары элдин бакубаттуулугун камсыздай албай турганын айтты