Жети өлкөдөн келген өкүлдөрдүн башын бириктирген "Паруса духа" долбоору. Видео

"Паруса духа" эл аралык инклюзивдик долбооруна катышкандар алгачкы жолу Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Жети өлкөдөн келген спортчулар, ыктыярчылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын башы бирикти.
Sputnik
Кыргызстанда "Паруса духа - 2025" эл аралык инклюзивдик долбоору ишке ашты. Жети өлкөдөн келген катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгине чогулду. Долбоор "Тажрыйба алмашууга умтул" деген ураан астында өтүп, спортчуларды, ыктыярчыларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Катышуучулар он күн бою жел кайык жарыштарына, катамаран менен машыгууларга катышып, мастер-класстарды өтүп, экскурсияларга чыгышты.
Долбоорду "Белая Трость" коммерциялык эмес автономдуу уюму "Росатом" өзөктүк энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын колдоосунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен бирге ишке ашырууда. Демилгенин башкы максаты — билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, майыптуулук өсүү менен күч-кубаттын булагына айланган экстрабилити философиясын жайылтуу.
Тема боюнча:
Россия Ош шаарына БУУ аркылуу миң тоннадан ашык ун жеткирди