БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыны тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, автоунаа белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кабарда Жапаров экоактивистти интернеттен көрүп, ага ыраазычылык билдирүүнү туура көргөнү айтылат.
"Сиз кылып жаткан иш көпчүлүк үчүн үлгү. Биз экологияны, табиятты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Азаматсыз!" — деген президент.
Экоактивист өлкөгө саякаттап келип, былтыр Көлгө эс алганы барганын, жээкти акыр-чикирден тазалап, мындай аракети менен башкаларды тазалыкты сактоого чакырганын айтып берген.
Өлкө башчысы Панаевге кыргыз элинин, ыктыярчылардын, экоактивисттердин атынан ыраазычылык билдирип, ата мекендик өндүрүштөн чыккан машина берген.
Активист Кыргызстанда биротоло калууну чечкенин билдирди.