Венгриянын ТИМ башчысы Зеленскийдин айткандарына кескин жооп кылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Spurnik. Украин армиясынын Венгриянын энергетикалык түзүмүнө кол салуусун эгемендикке жасаган чабуулу катары бааласа болот. Бул туурасында Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды.

"Венгрия Укрина президентинин коркутуп-үркүтүүлөрүн чечикиндүү түрдө четке кагат. Суверендүүлүк жана аймактык бүтүндүк — эл аралык саясаттын негизин түптөгөн баалуулуктар. Андыктан биз ар бир өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сыйлайбыз жана ошондой нерсени кайсы гана мамлекеттерден болбосун, күтөбүз", — деген ал.

Кечээ Киев бийлигинин башчысы Украина Куралдуу күчтөрүнүн "Дружба" мунай түтүгүнө жасаган кол салуусун тамашага салып, Украина менен Венгриянын ортосундагы достукту дайыма колдоп келгендигин, эми бул "достуктун" мындан ары жашап кетиши Венгрияга байланыштуу экендигин айткан.
Өткөн аптанын жумасында Сийярто менен Словакиянын экономика министри Дениса Сакова украин армиясы "Дружба" мунай түтүгүнө жаңы чабуул жасаганын билдирген. Анын кесепетинен улам Будапешт менен Братислава бир апта мунайсыз калган.
Алардын мындай кадамы АКШ президенти Дональд Трамптын кыжырын келтиргенин венгр өкмөт башчысы Виктор Орбан билдирген.
Киев бийлиги "Дружбага" биринчи ирет кол салып жаткан жери жок. Март айында украин дрону түтүктүн ченөөчү станциясына чабуул коюп, мындан улам Россиядан Венгрияга келген газ бир топ кармалып калган. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алган.
Орбан: Венгрия Украинаны бир күндө эле кыйратып кое алат