Пара алууга айыпталган судья. УКМК өрттөлгөн акчага экспертиза жүргүздү

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өрттөлгөн акчанын күлүнө экспертиза жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Кызыл Октябрь айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Эске салсак, июль айынын аягында Башкы прокуратура көзөмөл органынын кызматкери 4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Дагы бир шектүү бар экени аныкталып, ал Ош шаардык сотунун судьясы болуп чыккан.
Ташиевдин айтымында, Фемида кызматкери далилдерди жок кылууга аракет кылса дагы жоопкерчиликтен качып кутула албайт.
"Башкы прокурорго пара беришкен, ал акчанын бир бөлүгүн судьяга берген. УКМК кызматкерлери сотту кармоо үчүн келгенде, ал үйүнүн эшигин ачпай, далилдерди дааратканада өрттөп жиберген. Биз айыпталуучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн Судьялар кеңешине сунуш киргиздик", — деди мамлекеттик комитеттин башчысы.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталууда