Такси айдоочулары менен курьерлердин салыгын эми санарип платформалар төлөйт

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 1-сентябрынан тартып санарип платформалар такси жана курьер кызматын көрсөткөндөр үчүн салык төлөй баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматта санарип платформалар алардын онлайн-тиркемелерин колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй тургандыгы белгиленген.
"Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор (санарип платформа) тарабынан аткарылат", — деп айтылат маалыматта.
Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелет:
2025-жылдан 2028-жылга чейин — 1 пайыз;
2028-жылдан 2030-жылга чейин — 2 пайыз;
2030-жылдан тартып жана андан ары — 5 пайыз.
Мисалы, 2025-2028-жылдар аралыгында ставка 1 пайызды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот.
Мындай ченем салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, өз алдынча иштеген жарандарга административдик жүктү азайтууга, ошондой эле кирешенин ачыктыгын камсыздоого багытталганы кошумчаланды.
Салык кызматы: жарандардын 12 млрд. сомдой салыктык карызы кечирилет