Өзгөнгө жаңы оорукана салынат. Ташиев курулушту тез арада баштоону тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өзгөн районуна жаңы оорукана салынып, 2026-жылдын күзүндө колдонууга берилет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал аймакка барып, медициналык мекемени кыдырып көрүп чыккан. Видеодон имараттардын таптакыр жараксыз абалга келип, айрым корпустарынын эшигине кулпу илинип турганын көрүүгө болот. Оорукана жетекчиси алар буздурула турганын айтып, район жаңы социалдык мекемеге өтө муктаж экенин билдирген.
Ташиев президенттин облустагы өкүлүнө, райондун акимине оорукана жетекчилиги менен бирге курулушту баштоо боюнча акт түзүүнү тапшырган.

"Курулушка канча кетерин тактап жазгыла. Президентке бул боюнча маалымат берейин. Тез арада жаңы ооруканага акча бөлөлү. Кура турган ишкананы таап, жумушту азыр башташыбыз керек. Учурда болжол менен калктын саны 300 миң болсо, 10 жылдан кийин дагы 50 миң кошулат. Ошол санга ылайыктап, кенен, чоң кылып жакшылап салгыла", — деген атайын кызматтын төрагасы.

Ташиев жаңы оорукананы кийинки жылдын күз мезгилине чейин бүтүрүп, колдонууга берүү керектигин айткан.
1 / 3

Өзгөн районуна жаңы оорукана салынып, 2026-жылдын күзүндө колдонууга берилет

2 / 3

Ал аймакка барып, медициналык мекемени кыдырып көрүп чыккан

3 / 3

Видеодон имараттардын таптакыр жараксыз абалга келип, айрым корпустарынын эшигине кулпу илинип турганын көрүүгө болот

Белгилей кетсек, райондук оорукананын жалпы аянты алты гектардан ашат. Мындагы эң акыркы курулган имарат 1970-жылдары пайдаланууга берилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оорукананын аймагындагы тогуз имаратты авариялык абалда деп корутунду чыгарган.
Министрлик Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын абалын көрсөттү. Сүрөт