БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ушул жылдын сентябрь айынан тарта майыптыктын деңгээлин аныктоо боюнча жаңы эреже күчүнө кирет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Учурдагы укуктук талаптарга ылайык, жарандар майыптыкты тастыктоо үчүн жыл сайын медициналык-социалдык экспертизадан өтүшү керек. Бул бюрократияга, стресске алып келери, элге, комиссияга ашыкча түйшүк жаратары белгиленген.
Өкмөттүн жаңы токтому дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталганы айтылат. Ага ылайык:
I топтогу майыптар — жети жылда бир жолу;
II топ – төрт жылда бир жолу;
III топ – эки жылда бир жолу өтүшү керек.
"Жаңы эреже боюнча, жарандын ден соолугу жакшырган учурда өзү же анын өкүлү майыптыкты мөөнөтүнөн мурда алып салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга укуктуу", — деп айтылат маалыматта.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, I топтогу майыптык көбүнчө кыймылсыздыкка алып келген инсульт, оор формадагы балдардын церебралдык шал оорусу, өнөкөт склероздун акыркы баскычы, эки кол, буттун ампутациясы, толук сокурлук же дүлөйлүк, гемодиализге туруктуу муктаждыкка берилет. Бул оорулардан айыгуу жолу жоктугуна байланыштуу майыптыкты жыл сайын тастыктоо жарандарга ашыкча түйшүк жаратып келген.
Маалыматта мындай чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү экени кошумчаланды.